Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Чиркөөгө жасалган чабуулдан кийин француз диний лидерлери элди биримдикке чакырды


Франциянын диний лидерлери
Франциянын диний лидерлери

27-июлда президент Франсуа Олланд менен жолугушуудан кийин Париждин архиепископу Андре Вен-Труа католиктерди “жүрөккө келген жек көрүүчүлүктү жеңип”, элдерди бири-бирине кайраштырган Даиштин “оюнуна азгырылбоого” чакырды. Париждин имамы Далил Бакр француз мусулман институттарын реформалоого жана мусулман диниятчыларын даярдоону жакшыртууга үндөдү. Ал ошондой эле диний жөрөлгөлөр өткөрүлгөн жерлерди кайтарууну күчөтүүнү жактады.

Франция президенти Франсуа Олланд 26-июлда Сент-Этьен-дю-Рувре шаарындагы теракттан кийин диний лидерлер менен кеңешме өткөргөн.

Ал күнү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү чиркөөгө кирип келип, 84 жаштагы дин кызматкерин мууздап салышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG