Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Ереванда дарыгерлер барымтага алынды


Еревандагы тирешүү токтой элек.
Еревандагы тирешүү токтой элек.

Армения полициясынын маалымдоосуна караганда, жарадарларга жардам берүүгө келген дарыгерлерди оппозициялык куралдуу топ барымтага алды. Полициянын маалымат катчысы Ашот Акароняндын 27-июлдагы билдиришинче, төрт дарыгер түнкү атышуудан жаракат алган эки жоочуга медициналык жардам берүүгө жөнөтүлгөн учурда барымтага алынган. Аларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Оппозициялык саясатчы Жирайр Сефиляндын куралдуу тарапкерлери 17-июлда Ереван полициясынын имаратына кол салып, ал жерди ээлеп алган жана бир нече полиция кызматкерин барымтага алган.

Барымтага алынгандар 23-июлда бошотулган. Бирок куралдуу адамдар полиция имаратында кала беришкен. Алар Сефилянды бошотууну жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG