Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Православ чиркөөсүнүн жүрүшкө чыккан өкүлдөрү Киевге киришти


27-июлда Киевдеги Владимир дөбөсүнө 9 миңдей адам чогулду.
27-июлда Киевдеги Владимир дөбөсүнө 9 миңдей адам чогулду.

Киев орусунун христианчылыкты кабыл алганынын 1028 жылдыгына арналган карама-каршылыктуу жүрүшкө чыккандар Украинанын чыгыш жана батыш тарабынан Киевге карай багыт алышкан. 27-июлда Киевдеги Владимир дөбөсүнө 9 миңдей адам чогулду. Крест көтөргөн жүрүш катуу кайтаруу астында болду. Анткени жүрүштү Москвага баш ийген Киев чиркөөсүнүн өкүлдөрү уюштуруп жаткандыктан, украиналык улутчулдар нааразы болуп, анын артында саясат жатат деп эсептешүүдө. Жүрүштү Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл колдоого алган. Москва чиркөөсүнө баш ийбеген Украина православ чиркөөсүнүн патриархы Филарет болсо, жүрүш Украинадагы кырдаалды туруксуздаштырып, чиркөөлөрдү араздаштырат деп сындаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG