Германия маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 27-июлдагы жардыруу Бавариянын Цирндорф шаарындагы качкындарды каттоочу бюродо болду. Маалыматтарда аэрозол менен толтурулган балончолор салынган чемодан жардырылган. Азырынча жабыркагандар жөнүндө маалымат жок. 27-июлдагы жардырууга чейин Германияда бир нече теракт болуп, ондогон адамдар жабыркаган эле. (AiT)