Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүдөн баш тартты


Тажикстандын Сангутин - 2 ГЭСи.
Тажикстандын Сангутин - 2 ГЭСи.

Бул тууралуу Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, быйыл тажик тарап Кыргызстан сураган баа менен электр энергиясын сатуудан баш тартты:

-Чындыгында эле биз быйыл Кыргызстанга электр энергияны сатуудан баш тарттык. Анткени алар өтө чоң көлөмдү сурап атышат. Жалпысынан эки миллиард киловатт-саат сурашты. Бирок азыр биздин түндүк аймактарыбызда электр энергиясына талап күчөп жатат. Ошондуктан, азыр биз болгону 50-60 мегаватт электр энергиясын гана экспорттой алабыз.

Усмонали Усмонзоданын белгилөөсү боюнча, Тажикстан электр энергиясын кымбатыраак сатууну көздөйт. Анын айтымында, акыркы жылдарры Тажикстан кошуна өлкөлөргө экспорттогон электр энергиясынын көлөмү көбөйүүдө.

Тажик тараптын маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү быйыл да Тажикстандан электр энергияны былтыркыдай эле 2,5 центтен сатып алуу ниетин билдирген. Ай башында Кыргызстандын вице-премьер- министри Олег Панкратов энергокомпанияларга тез аранын ичинде Тажикстандан электр энергиясын сатып алуу маселесин чечүүнү тапшырган болчу.

Кыргыз өкмөтү электр энергиясы боюнча Тажикстан тарап расмий жооп бере электигин маалымдоодо.(YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG