Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Түрк бийлиги улуттук маалымат каражаттарынын ишин токтотот


Түркия.
Түркия.

Жүздөн ашуун маалымат каражаттарынын иши өлкөдө киргизилген чукул кырдаалга байланыштуу токтотулат. Мындай буйругун бийлик 27-июлда жарыя кылды.

CNN Turk билдиргендей, алардын ичинде үч маалымат агенттиги, 16 телеканал, отуз чакты басма үйлөрү жана кырктан ашуун гезиттер бар. Жабылган маалымдоо каражаттарынын айрымдары Feza маалымат холдингине тиешелүү. Аталган холдинг Гүленге байланган адамдарга тиешелүү деп айтылат. Түрк бийликтери 15-июлдагы бийликти басып алуу аракетинин артында Гүлен турат деп санайт.

XS
SM
MD
LG