Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Өкмөт башчы ишкерлер менен жолукту


Анда кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүү, зергерлик, айыл-чарба, туризм, курулуш жана транспорт тармактарын өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын көзөмөлү жана чек аралар аркылуу товар өткөрүү маселелери талкууланды.

Ишкерлер Кыргызстан ЕАЭБге киргенине бир жыл болуп калса да, айрым товарларды биримдиктин аймагына чыгарып сатууга мүмкүн болбой жатканын, сертификат алуудагы кыйынчылыктар, аткезчилик жол менен кирип жаткан арзан товарлардан улам, атамекендик өндүрүш аксап жатканын айтышты. Мындан тышкары 1-июлдан бери Орусия Украина аркылуу келген жүктөрдү өз аймагынан өткөрбөй жатканын ишкерлер айтышып, бул маселени да чечип берүүнү өкмөт башчыдан сурашты.

Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде ишкерлер менен ачык пикир алышууга жана кызматташууга даяр экендигин билдирди. Анын айтуусунда, өкмөт өлкөнүн ишкердик тармагында жагымдуу шарттарды түзүүгө бардык аракеттерди көрүүдө. Премьер-министр ошондой эле бүгүнкү күндө ар бир тармактын өзүнө тиешелүү көйгөйлөрү бар экенин белгилеп, аларды чечүү үчүн мамлекеттик органдар менен ишкерлердин бирдиктүү аракети жасалышы керектигин айтты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG