Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Алмазбек Атамбаев дагы бир ырын чыгарды


“Жөнеле сөздөр" - ("Нелепые слова”) деген аталыштагы ырды мамлекет башчы гитаранын коштоосунда ырдайт. Ырдын клип-тасмасын режиссер Мирлан Саткынбаев даярдаган. Бул президенттин орус тилинде жарык көргөн төртүнчү ыры. Президенттин маалымат кызматы Алмазбек Атамбаев беш орус тилиндеги, беш кыргыз тилиндеги ырлар жазылган дискин өзүнүн 60 жылдык мааракесине карата жакындарына белек катары чыгарууну көздөп жатканын кабарлаган. Буга чейин президент орус тилиндеги беш ырын жаздырды, ал эми кыргыз тилиндеги ырларын эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин жаздырмакчы.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев «Мен ажалдан чочубайм», «Мен сенсиз жашай албайм» жана «Тагдырга баш ийбей» деген ырларын тартуулаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG