Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Өмүркулов: Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду күзүндө өткөрүүнү сунуштадык


Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Башмыйзамды өзгөртүүгө тиешелүү мыйзамдар жакынкы күндөрү коомдук талкууга чыгарылмакчы. Мындан соң аталган мыйзамдар парламентте чыгарылып, референдум ушул жылдын күз айларында өткөрүү пландалууда.

- Биз референдум өткөрүүнү демилгелеп жатабыз. Мыйзамдардын толук текстин коомдук талкууга чыгарууну депутаттар сунуштап жатабыз. Ал жерден биздин жарандар ачык-айкын талкуулап, өзгөртүү толуктоого өз сунуштарын берсе болот. Бул президенттин демилгеси. Сот реформасын өткөрүүнү тездетүү, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана башка өзгөртүүлөр каралган, - деди Өмүркулов.

Иса Өмүркулов референдум өткөрүү демилгесин парламенттеги Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары сунуштап жатканын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдин колу коюлган документ тараган. Анда парламенттин аппарат жетекчисине Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорду коомдук талкууга чыгаруу үчүн тапшырма берилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG