Линктер

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынга санкция салганы үчүн Вашингтонду айыптап, бул чыдоонун акыркы тамчысы болду деп билдирди.

Бул тууралуу 28-июлда Associated Press агенттигине сүйлөп жатып, Түндүк Корея Тышкы иштер министрлигинин АКШ боюнча департаментинин башкы директору Хан Соң Рел бул аскердик абалга түртөт деди.

Ал ошондой эле кийинки айга пландалган АКШ-Түштүк Корея биргелешкен аскердик машыгуусу да тирешүүгө алып келет деди.

АКШ менен Түштүк Корея дамамат чогуу аскер машыгууларын өткөрүп келет. Хандын айтымында, ал эми агрессиялык мүнөзгө өттү. Аскерлер Түндүк Корея борборуна басып кирип, жогорку жетекчиликти жок кылууга да даярдалууда.

Вашингтон лидерин баш кылып түндүккореялык бир нече режим өкүлдөрүнө 6-июлда санкция салган. Аларuf адамдардын укуктарын одоно бузган, анын ичинде сотсуз өлүм жазасына тарткан, мажбурлап жумушка чыгарган жана кыйнаган деп айып таккан.

XS
SM
MD
LG