Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Ереван: Барымтадагы дарыгерлердин бири бошотулду


Ереванда барымтага алынган врачтардын бири бошотулду. Дагы эки дарыгер жана медайым полиция кеңсесин басып алгандардын колунда барымтада турат. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлоодо.

Дарыгерлер шаршембиде полиция тилкесин басып алгандарга меджардам көрсөткөнү келгенде туткундалган. Мурдараак атышуу учурунда полиция имаратын ээлеп турган куралчан топтун лидери Павел Манукян менен анын уулу Арам жаракат алганы кабарланган. Дагы эки баскынчы Гагик Егиазарян менен Арам Акопян багынып беришкен.

Оппозициялык саясатчы Жирайр Сефиляндын куралдуу тарапкерлери 17-июлда Ереван полициясынын имаратына кол салып, ал жерди ээлеп алган жана бир нече полиция кызматкерин барымтага алган. Алар 23-июлда бошотулган.

Бирок куралдуу адамдар полиция имаратында кала беришкен. Алар мыйзамсыз маңзат сатып алган, курал сактап жүргөн деп камалган Сефилянды бошотууну жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG