Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

HRW: Орусия эки айда Сирияда 47 ирет кассеталык курал колдонгон


Сирияда Орусиянын TU-22M учагы бомба таштап жаткан учуру. Хомс провинциясы, 21-июль, 2016-жыл
Сирияда Орусиянын TU-22M учагы бомба таштап жаткан учуру. Хомс провинциясы, 21-июль, 2016-жыл

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму орусиялык аскер-аба күчтөрү Сирияда кассеталык бомба колдонушканы тууралуу жаңы баяндамасын жасады.

HRW кассеталык куралдар 27-майдан 25-июлга чейин кеминде 47 ирет колдонулуп, ондогон жайкын тургундар курман болушкан деди.

Баяндамада Терманин шаарынын үстүнөн учуп бараткан Су-34 аскер учагынын сүрөтү көрсөтүлүп, ал учурда аймакка кассеталык бомба чабуулу жасалганы айтылат. Мындай учактарга Орусия аскер аба күчтөрү ээлик кылат, а Сирия президенти Башар Асадда андай аскердик техника жок деп билдирет уюм.

Мурдараак Conflict Intelligence Team (CIT) командасы Rossia Today телеканалы 18-июнда Сириянын Хмеймим аба базасын көрсөтүп жаткан учурда кадрлардын бирине кассеталык бомба жүктөлгөн орус аскер учагы тартылганын аныктаган.

Эл аралык укук коргоочу Amnesty International жана Human Rights Watch уюмдары Орусия эл аралык конвенция тыюу салган кассеталык куралдарды Сирияда колдонууда деп эчен ирет айыптап келген. Орус коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков болсо мунун баарын четке кагып, Хмеймимде кассеталык бомба жок экенин жана орус авиациясы аны Сирияда колдонгонбогонун кайталап жүрөт.

XS
SM
MD
LG