Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы кызматтан кетти


Орусия президенти Владимир Путин жана Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов
Орусия президенти Владимир Путин жана Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов кызматтан кетти. Тиешелүү буйрукка орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кол койгонун орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновдун кеңсесинде жана үйлөрүндө 26-июлда тинтүү жүргүзгөн. Анда көп сандаган акча табылганы айтылган.

Ошол эле учурда айрым орусиялык маалымат каражаттары Андрей Бельяниновдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу контрабандалык жүктү калкалап келгенин жазып чыккан. Мында Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчилеринин тиешеси бар экени айтылган. Бул маалыматтарды Кыргызстандын Бажы кызматы териштирерин билдирген.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттагы кызматташуусу жаатында иш алып барган мамлекеттер аралык орган. Аны орус тараптан комиссияны федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов жетектеп келсе, кыргыз тараптан премьер-министр жетектейт.(BkA)

XS
SM
MD
LG