Линктер

Орусия жана Сирия бийликтери согуш жүргөн Алеппо шаарынын карапайым тургундары аймактан чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык коридор ачат. Ошондой эле куралын таштап, багынып берген жоочуларга да ушул жол аркылуу шаардан чыгууга уруксат берилерин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-июлда кабарлады.

Алеппо Сириядагы ири шаарлардын бири. Ушу тапта ал жерде Орусия колдогон Сирия бийлиги козголоңчуларга каршы көзөмөлүн күчөттү. Кагылыш аймагында 250 миң жайкын тургун бар экени айтылат.

Шойгу үч гуманитардык коридор ачыларын жана шаардын сыртынан азык-түлүк жана эң биринчи зарыл жардамдар берилерин кошумчалады.

Сирия президенти Башар Асад болсо үч ай ичинде куралын таштап, багынып берген жоочуларга мунапыс берүүнү сунуштоодо деп сириялык маалымат каражаттары айтышууда.

28-июлда сунушталган мунапыста козголоңчуларга алар туткунга алган адамдарды бошотуу чакырыгы айтылды.

XS
SM
MD
LG