Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

ТИМ Олланддын Кыргызстанга келүү ниети боюнча түшүндүрмө берди


Франция президенти Франсуа Олланд
Франция президенти Франсуа Олланд

Тышкы иштер министрлиги Франция президенти Франсуа Олландын Кыргызстанга келүү ниети тууралуу түшүндүрмө берди. Анда Кыргызстандын Франциядагы элчиси Асеин Исаев ишеним громатасын тапшыруу учурунда Олланд Кыргызстанга иш сапар менен келүү ниетин билдиргени айтылат. Бирок расмий сапарды даярдоо иши белгилүү мөөнөттү аларын белгилеген Тышкы иштер министрлиги “учурда Олланддын сапары тууралуу эмес, анын Кыргызстанга келүү ниети жөнүндө” гана сөз болуп жатканын айтып, тактоо киргизди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Франция президентинин Кыргызстанга сапары күтүлүп жатканын жазып чыгышкан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG