Линктер

Орусия президенти Владимир Путиндин буйругуна ылайык, Крым федералдык округ катары жоюлуп, Түштүк федералдык округуна кошулду. Бул тууралуу Кремлге таянып, "Интерфакс" агенттиги кабарлоодо.

Кара деңиздеги украиналык жарым арал - Крым 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган. Ошондон кийин федералдык округ катары түзүлгөн.

Аннексияга Украина жана БУУга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү каршы чыгып, Батыш мамлекеттери Орусияга санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG