Линктер

Hurriуet: Орус учагы Давутоглунун буйругунун негизинде атылган


Түркиянын мурдагы премьер-министри Ахмет Давутоглу 2015-жылдын 10-октябрында түрк аба мейкиндигине Сирия тараптан кирген кандай гана учак болбосун атууга буйрук берген. Натыйжада, ошол эле жылдын ноябрында орусиялык Су-24 аскер учагы атылган деп кабарлайт Hurriyet агенттиги.

Ал эми NTV түрк каналына маек курганда Давутоглу "премьер-министр Башкы штабга чабуул коюу эрежелери тууралуу директиваны берет" деди. Ал ошондой эле буйрук Түркиянын аба мейкиндигин коргоо кызыкчылыгы үчүн берилгенин баса белгиледи.

Мурдараак орусиялык учакты аткан пилоттордун бири жакында Түркияда болгон төңкөрүш аракетине айыпталып кармалган.

Орусиялык учактын атылышы түрк-орус алакаларын бузуп, мамиле жарым жылдан кийин калыбына келтирилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG