Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Google Крымдагы орус аталыштарды кайтарууну убада кылды


Украина, Крым.
Украина, Крым.

Крымдын Украинадагы декоммунизация убагында өзгөртүлгөн аталыштары Google картада кайрадан кайра калыбына келтирилет. Google мурда Орусия тарабынан аннексияланып алынган Крымдагы шаар-кыштактарды украин мыйзам боюнча атачу. Мисалы, Красноперекопск шаары Яны Капу, Красногвардейское - Курман, ал эми Кировское - Ислям-Терек деп айтылчу. Буга орусиялык саясатчылар нааразылыгын билдирип чыгышкан. Орусиянын байланыш министри Николай Никифоров Google катасын оңдойт деп ишенерин айтып, эгер компания Орусиянын мыйзамдарын сыйлабаса, өлкөнүн аймагында бизнес жүргүзө албайт деп белгиледи.

Украина 2015-жылы кабыл алган “Декоммунизация мыйзамы” боюнча бардык шаар-кыштактардын союзга байланышкан аталыштары өзгөрүп, коммунисттик ишмерлердин эстеликтери жок кылынмак.

Орусия Крымды 2014-жылы жазында аннексиялап алган. Эл аралык коомчулук Крымды дагы деле Украинанын аймагы деп тааныйт.

XS
SM
MD
LG