Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:41

Орусиялык спортчу Елена Исинбаева жеңил атлетика федерациясын сотко берет


Елена Исинбаева.

Елена Исинбаева.

28-июлда спортчуга Риодогу Олимп оюндарына катышалбасын тастыктаган акыркы жооп келген. Исинбаева Эл аралык жеңил атлетика ассоциациялар федерациясынын үстүнөн адам укугу боюнча Европа сотуна кайрыларын маалымдады.

Бир күн мурда Эл аралык жеңил атлетика ассоциациялар федерациясы Орусиянын спорт министри Виталий Мутконун тыюу салынган медкаражаттарды мурда колдонбогондорду Олимп оюндарына катыштыруу тууралуу өтүнүчүнө жок деп жооп берген эле.

Бүгүнкү күнгө карата Орусиянын жүздөн ашуун спортчусу быйылкы Олимп оюндарынан четтетилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG