Линктер

20-июлдан бери уланып жаткан соттук териштирүүдө тараптар жарыш сөзгө чыгууда. Соттук коллегия алгач мамлекеттик айыптоонун, андан кийин жабырлануучулардын сөзүн уккан. Учурда айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сотко өз жүйөөлөрүн келтиришүүдө. 28-июлдагы сот жараянында айыпталуучулардын адвокаттары сот чечимин өзгөртүүнү өтүнүштү.

Элмурза Сатыбалдиевдин адвокаты анын аракетинде кылмыш жоктугун белгилөөдө. Ал эми атайын аскердик бөлүмдүн командирлеринин жактоочулары экспертиза 7-апрелде өлгөндөр «Альфа» жана «Арстандын» куралынан өлбөгөнүн далилдегенин айтышууда. Суталиновдун жактоочусу УКМКнын мурдагы башчысы тескерисинче “элди атпагыла” деп үндөгөнүн айтты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG