Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Кыйноого шектелген милиционерлердин иши сотко өттү


Иллюстративдик сүрөт.

Иллюстративдик сүрөт.

Адамдарды кыйноо жолу менен кылмышты моюнуна алдырууга аракет кылган милиция кызматкерлеринин иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кабарга ылайык, Токмок шаардык жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлерине кылмышка шектүүлөрдү кыйноо жолу менен кылмышты моюнуна алдырганы үчүн иш козголгон. Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында шектүүлөрдүн кылмышка тиешеси жоктугу аныкталган. Буга байланыштуу аталган милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, ишти Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп берди.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG