Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Дзюдочулар Олим оюндарына жөнөп кетти


Кыргыз спортчулары.
Кыргыз спортчулары.

Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык дзюдочулар бүгүн Бразилияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Спорт, дене тарбия жана жаштар саясаты боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык,Олимп оюндарына дзюдочулар Отар Бестаев жана Юрий Краковецкий жолдомо алышкан.

Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимп оюндарына 19 спортчу катышат.

Буга чейин өкмөт 1-орун алган спортчуга 7 миллион сом, 2-орунга 5 млн. сом, коло медалга 3,5 млн. сом деп бекиткен. Мындан сырткары Бишкек мэриясы байгелүү орундарды ээлегендерге үй белек кыларын билдирген.

XXXI Олимп оюндары 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат. Спорттук мелдешке 206 өлкөдөн спортчулар катышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG