Линктер

Түркиядагы 15-июлдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинен соң Фетхуллах Гүленге тишеси бар делген 15 университет жабылды. Аталган окуу жайларда 161 кыргызстандык студент билим алып жаткан. Бул тууралуу Түркиянын Жогорку билим берүү мекемесинин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, жабылган университеттерде окуган студенттер мамлекеттик окуу жайларга которулат. Алар жеке менчик университетке төлөгөн акыларын мамлекеттик окуу жайларга төлөй беришет.

Жогорку билим берүү мекеменин быйылкы маалыматына ылайык, Түркияда 1994 кыргызстандык студент билим алат. Чет өлкөлүк студенттердин саны боюнча Азербайжан биринчи орунда турат. Бул өлкөнүн 12504 студенти Түркияда окуйт. Студенттер саны боюнча Кыргызстан Иран, Ирак, Казакстан, Түркмөнстан, Сирия жана Грекиядан кийинки жетинчи орунда турат.(ElB/BkA)

XS
SM
MD
LG