Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Жумабеков: жарылуудан жараат алган прокурордун абалы оор


Бүгүн Орто-Сай айылында автоунаадагы жарылуудан жараат алган прокурор Эркин Курманалиевдин абалы оор. Бул тууралуу ага операция жасаган Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди. Анын айтымында, жарылуудан прокурордун колу билегинен үзүлүп кеткен. Ага операция жасалды. Ошондой эле бир көзү катуу жабыркап, азыр көзүнө операция жасалууда.

Бүгүн эртең менен Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылында Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге таандык унаанын жанындагы куту жарылган. Учурда жарылуунун себептери аныкталып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG