Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:44

Жогорку Сот Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаевага карата Бишкектин Октябрь райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүп, абактан бошотту. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот Аманбаеваны "кылмышка шериктеш болгон" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп таап, 3 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирген. Аманбаева бул айыпты мамлекеттин эсебине төлөп берди. Ал эми Аманбаева менен бирге айыпталган Манзура Улуходжаевага карата мурунку өкүмдөр күчүндө калды.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Урмат Аманбаеваны Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган. Аманбаева Ошто кургак учукка каршы күрөш боюнча медициналык борбордо башкы эсепчи болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG