Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Абрамовичтин компаниясы Жалал-Абаддагы Үңкүрташ кенин иштетет


Орусиялык миллиардер Роман Абрамович акционер болгон Highland Gold компаниясы Жалал-Абад облусундагы Үңкүрташ алтын кенин иштетүүгө кытай ишкерлерин чакырууда. Бул тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, Highland Goldдун компаниялары Бээжиндеги конференцияда кытайлык инвесторлор менен бул кенди биргеликте иштетүүгө даяр экенин билдирген. Кен Кытайга жакын жайгашкандыктан кытайлардын кызыгуусун туудурушу мүмкүн экени айтылууда.

Ошондой эле орусиялык басылма бул долбоор жаңыдан гана башталып жатканын белгилеп, Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө көптөгөн тобокелчиликтер бар экенин белгилеген.

Үңкүрташ кени Жалал-Абаддын Ала-Бука жана Чаткал райондорунда жайгашкан. Анда 40 тоннага жакын алтын запасы бар экени айтылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG