Линктер

АКШ Түркиядагы камоолорго байланыштуу камтамасын билдирди


Жэймс Клэппер

Жэймс Клэппер

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калгандан кийинки армиядагы кызматтан алуулар жана камоолор АКШнын бул өлкө менен “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы биргелешип кызматташуусуна залака тийгизүүдө. Бул тууралуу Колорадонун Аспен шаарында өткөн коопсуздук форумунда сүйлөп жатып АКШнын Улуттук чалгындоосунун директору Жеймс Клэппер билдирди.

Анын айтуусунда, куугунтукка кабылган жана камалгандар арасында АКШ менен террорчулукка каршы кызматташкан көптөгөн офицерлер.

16-июлга караган түнү Түркияда мамлекеттик бийликти кулатуу аракети жасалып, ал ишке ашпай калган. Бул учүн айыптуу деп бийлик 1700дөй аскер кызматкерин иштен алган. (RK)

XS
SM
MD
LG