Линктер

Франциянын өкмөт башчысы ислам менен жаңыча мамиле курууга чакырды


Мануэль Вальс

Мануэль Вальс

Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс "ислам менен жаңыча мамиле курууга" чакырды. Le Monde гезитине курган маегинде ал ошондой эле жихадчылардын соңку кезде жасаган бир нече чабуулунан кийин мечиттердин сырттан каржылануусуна убактылуу тыюу салуу керек, имамдар башка жактан эмес, Франциянын өзүнөн билим, тарбия алышы зарыл деген пикирин айтты.

Өкмөт башчы ошондой эле 26-июлда Нормандияда чиркөөгө кол салып, дин кызматкерин өлтүргөндөрдүн бири ага чейин террорчулукка айыпталып кармалган адам экенин эскертип, ал сотко чейин убактылуу кое берилгенин "чоң катачылык" болгон деп атады.

Ал эми кол салган экинчи адам өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун видеокайрылуусу аркылуу мусулмандарды Францияны тып-тыйпыл кылууга чакырганын эскертти.

Былтыр ноябрда, быйыл январь жана июль айларында Парижде жана Ниццада террордук чабуулдарда жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG