Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Керри АКШнын Борбор Азиядагы өнөктөштөрү менен жыйын курат


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен кезектеги жолугушуусу 3-августта Вашингтондо өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлчүлүгү кабарлады. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башкы дипломаттары чакырылды.

С5 + 1 форматындагы алгачкы жыйын былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн болчу. Анда аймактагы кызматташтык, коопсуздук маселелери талкууланган.

АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчы орун басары Даниэл Розенблюмдун айтканына караганда, бул жолку жыйында алты жаңы долбоор талкууланып, кабыл алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG