Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Жогорку Сот Бакиевдин жазасын кыскартты


12-апрель, 2010-жыл, Жалал-Абад
12-апрель, 2010-жыл, Жалал-Абад

Жогорку Сот Апрель окуясы боюнча сот ишине чекит койду. 29-июлда Жогорку Соттун коллегиясы экс-президент Курманбек Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечимди жокко чыгарып, 30 жылга кести.

Ошондой эле апрель митингинде ок атууга тиешеси бар деген жетекчилерге карата мунапысты четке кагып, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарды.

Анткен менен жабырлануучу тарап соттун чечимине нааразычылыгын билдирип, Бакиевдин тегерегиндеги адамдар өз жазасын түрмөдө өтөбөй, кыска аралыкта бошоп кетет дешүүдө.

Мунапыс алынды, Бакиев кесилди

2010-жылдагы апрель окуясы боюнча соттук чечимге жабырлануучулар кайрадан нааразы болуп калышты. Алар буга чейинки инстанциялардын бардыгында кандай акыйкаттык таппай келсе, эми деле ошондой өкүмдү укканын айтууда. 29-июлда Жогорку Соттун өкүмү бир жагынан жабырлануучулар тарап талап кылгандай канааттандырылса, экинчи жагынан жокко чыгарды.

Жогорку Соттун соттук коллегиясы өз чечиминде буга чейинки инстанцияда Курманбек Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечимди жокко чыгарып, 30 жылга камоо өкүмүн окуду. Ошондой эле экс-президент Бакиев учурунда жогорку кызматты ээлеп турган адамдар боюнча мунапысты четке какканы эле болбосо, калганы боюнча өкүм өзгөрүүсүз калды.

- Жороев Каныбек, Сатыбалдиев Элмурза, Нурлан Турсункулов, Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов, Суталинов Муратка карата Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата берилген мунапыс жокко чыгарылсын. Калган буга чейинки өкүмдөр өзгөрүүсүз калсын.

Мындай соттун чечими айыпталуучу тарапты да, жабыркагандарды да канааттандырган жок. Айыпталуучулардын адвокаттары соттон алардын күнөөсү жок экенин далилдөөнүн аракетин кылып, эркиндикке чыгарууну өтүнүп келген. Ошол эле учурда жабырлануучулар бир гана Бакиев эмес, анын тегерегинде иштеген адамдар да өмүр бою абакка кесилишин талап кылышкан.

Жогорку Сот Бакиевдин жазасын жеңилдетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

“Мекен шейиттери” уюмунун өкүлү Арстан Сагындыков айыпталуучулар жаза өтөөдөн качып, ар кандай амалын издеп жатканын айтып, ал эми бийлик негизги күнөөкөр Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер токтоп калганына ачууланды.

- Акыйкаттык кайда? Айыпталуучулардын жарымы ар кайсы өлкөдө жыргап жүрүшөт. Кошуна Казакстан, Түркияда Бакиевдердин жакындары чардап жүрүшөт. Республиканын байлыгынын бардыгын чыгарып кеткенге сот ушундай чечимди чыгарып жатат. Биз акыйкаттыкка ишенбей калдык.

Жаныш Бакиев Минскиде
Жаныш Бакиев Минскиде

Ошентип Жогорку Соттун чечимине ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга кесилсе, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Мурдагы президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилди.

Ага кошумча атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылды. Мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункуловду, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевди жана президенттик катчылыктын экс-башчысы Оксана Малеванаяны он жылдан эркинен ажыратуу тууралуу сот өкүмү өзгөрүүсүз калды.

Мунапыс толук алынган жок

Жабырлануучулардын адвокаты Чолпон Байбачаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, айыпталуучулардан мунапыс алынганы менен бул процесс толук ишке ашкан жок.

- Буларга жалпысынан эки мунапыс берилген. Биринчиси - Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата берилген мунапыс, экинчиси - Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата чыккан мунапыс эле. Сот биринчи мунапысты жокко чыгарса, экинчиси күчүндө калды. Ошондуктан кайра эле мунапыска илинип жатышпайбы.

Апрель соту Кыргызстандын тарыхында эң узак созулган сот болуп калганы менен өзгөчөлөндү. Жалпысынан беш жылдан өтүп барып соттук процесске чекит коюлду. Иштин жүрүшүндө УКМКнын “Альфа” жана “Арстан” атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери да айыпталып, жыйынтыгында акталып отурат.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Бул иш боюнча экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Ок атууга күнөөлүү деп табылган мурунку президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш жана баласы Марат Бакиевдер учурда Беларуста баш калкалап жүрүшөт. Ал эми мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов коңшу Казакстанда деген маалымат айтылып келет.

XS
SM
MD
LG