Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

АКШ: Түрк армиясындагы "тазалоо" ИМ менен күрөшүүгө жолтоо болот


“Немис толкуну” маалымдагандай, АКШ улуттук чалгын кызматынын башчысы Жеймс Клэппер мындай "тазалоо" Түркиянын коопсуздук аппаратына сокку урду деп билдирди. “Биздин көпчүлүк өнөктөштөр камалды же кызматтан айдалды” деген Клэппер бул сокку Анкара менен кызматташууну татаалдаштырарын белгиледи.

15-июлдагы бийликти басып алуу аракетинен кийин Түркияда 1700 аскер кызматкери иштен алынган. Алардын ичинде кыркка жакыны генералдар жана адмиралдар. 120дан ашууну камакка алынган.

АКШ Түркиянын аймагын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө колдонот. “Инжирлик" аба майданынан америкалык учактар Ирак жана Сириядагы террорчулардын позицияларына чабуул коюп турушат. Мындан тышкары Сирия менен Түркиянын чек арасында ЦРУ менен Түрк чалгын кызматынын биргелешкен борбору иштейт.

XS
SM
MD
LG