Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Ысык-Көлдө КСДПнын 15-курултайы башталды


Курултай Ысык-Көлдөгү Рух-Ордо комплексинде өтүп жатат.
Курултай Ысык-Көлдөгү Рух-Ордо комплексинде өтүп жатат.

Курултайдын күн тартибинде өлкөдөгү коомдук-саясий абал, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, КСДПнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана партиянын саясий кеңешин кароо сыяктуу маселелер бар.

Курултайга көз салып жаткан кабарчыбыздын маалыматы боюнча, анын катышуучулары өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун баяндамасын угушат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча фракция башчысы Иса Өмүркулов доклад жасайт. Ал эми партиянын уставына өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев баяндама жасаса, Фарид Ниязов партиянын саясий кеңешин кароо боюнча доклады менен делегаттарды тааныштырат. Булар боюнча курултайдын делегаттары да жарыш сөзгө чыгып, ойлорун билдиришмекчи.

Съездге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да катышууда.

Социал-демократтардын курултайына Орусиянын Мамлекеттик думасынан, Казакстандын “Нур Отан” партиясынан, Кытайдын Коммунисттик партиясынан жана Түштүк Кореянын Демократиялык партиясынан өкүлдөр конок катары катышууда.

Курултай Ысык-Көлдөгү Рух-Ордо комплексинде өтүп жатат. Ага КСДПнын жер-жерлердеги 200 мүчөсү делегат болуп келген.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG