Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

Казакстан: Түрк лицейлери кандай иштеп келген болсо, ошондой иштей берет


Казакстандагы казак-түрк 27 лицейи бар

Казакстандагы казак-түрк 27 лицейи бар

Мындай билдирүүнү Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги жасаганын Tengrinews.kz маалымат порталы жазып чыкты. Расмий Астананын бул билдирүүсү Түркиянын Казакстандагы элчиси Невзат Уяныктын сөзүнө жооп болду. Элчи 29-июлдагы маалымат жыйынында Казакстандагы түрк лицейлери деп айтылып жүргөн мектептердин Түркиянын бийлигине эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, түрк өкмөтү тарабынан каржыланган жалгыз окуу жай - Яссави атындагы Эл аралык казак-түрк университети экенин атаган.

Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги жалпысынан өлкөдө 27 казак-түрк лицейи бар экенин айтып, алардын баары “кандай иштеп келген болсо, мындан ары да ошондой иштей берет” деп билдирди. Бул мектептерде балдары окуган ата-энелер тынчсызданбай эле коюусу керек деп белгиледи.

Билдирүүдө «Казак-түрк лицейлеринин жергиликтүү билим берүү тармагында өз орду бар. Алардын ишмердүүлүгүн кайсы бир чет өлкөнүн саясий кырдаалына байланыштырууга болбойт. Эч ким сырттан туруп аларга басым кылууга акысы жок, алар Казакстандын мектептери жана казак жарандары” деп айтылган.

Мындан мурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавышоглу Кыргызстандагы Гүленге тийиштүү мектептерди жабуу керектигин бир нече ирет эскерткен эле.

15-июлда Түркияда болгон аскерий козголоңго бийлик АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG