Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Еревандагы кагылышта полициячы курман болду


Еревандагы полициячы
Еревандагы полициячы

Армян ИИМинин басма сөз катчысы Ашот Агаронян Фейсбуктагы баракчасына полициячы куралдуу топ ээлеп турган имараттан атылган көзгө атардын огунан мерт болду деп жазды. Каза тапкан полициячы 30 жаштагы Юрий Тепаносян болгон. Ал куралдуу топ ээлеген имараттан 350-400 метр аралыкта турган машинанын ичинде отурган жеринен ок жеген.

31-июлда демонстранттар Баграмян көчөсүн бошотуп, Эркиндик аянтына кетишти. Жөө жүрүш менен көчөгө чыккан демонстранттар жолду эки сааттай ээлеп турушкан.

Учурда проспектте транспорт каттамы жанданганы кабарланууда.

ЕККУнун Еревандагы өкүлчүлүгү билдирүү таратып, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Ереванда “Сасна Црер” кыймылынын жактоочулары 29-30-июль күндөрү көчөгө чыгышкан. Жума күнкү кагылышта “Азаттыктын” армян кызматынын үч кабарчысы да жабыркаган.

XS
SM
MD
LG