Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Орусиянын мамлекеттик мекемелерине каршы кибер тыңчылык жасалганы кабарланууда


Компьютердик вирус мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, аскер жана коргонуу мекемелеринин маалыматтык ресурстарын жабыркаткан. Федералдык коопсуздук кызматы мунун артында “атайын максатты көздөгөн операция” турат деп эсептейт.

Вирусту иликтеген адистер программа Орусияга жана башка мамлекеттерге каршы кибер тыңчылык операцияларында колдонулуп келгенин аныкташкан. Ал программа тармакка кирип, анда тыңшоо, сүрөт тартуу, web-камера жана микрофондорду, мобилдик каражаттарды өз алдынча иштетүүгө, аудио жана видеофайлдарды жазууга, клавишанын терилгени тууралуу маалыматтарды берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

ФСБ программа жабыркаткан бардык тармактар аныкталганын, коркунучтар жок кылынганын, вирустун кесепеттери жоюлганын маалымдоодо.

Бул аралыкта АКШда Демократиялык партиянын улуттук комитетинин системасына жасалган кибер чабуул чуусу тынчый элек. Америкалык эксперттер анын артында “кремлдик хакерлер” турат деп бекемдешүүдө.

XS
SM
MD
LG