Салтанаттуу иш-чара 30-июлда Соң-Көлдүн жээгинде болуп өттү. Мааракеге Жогорку Кеңештин төрөгасы Чыныбай Турсунбеков, премьер министр Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов катышты.
Бул иш-чара Тарых жана маданият жылына катара өткөрүлгөн мааракелердин бири.
Майрамдык иш-чарада Тайлак баатырдын эрдиги чагылдырылган театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү. Андан кийин улуттук спорттун күрөш, эр эңиш, ат чабыш түрлөрү боюнча мелдештер болду.
Тайлак Рыскул уулу болжол менен 1796-жылы азыркы Ак-Талаа районунун аймагында туулган. Ал 19-кылымдын биринчи жарымынан тарта кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүргүзгөн. Тайлак баатыр 1838-жылы Кокон хандыгынын тыңчысы тарабынан ууландырылып өлтүрүлгөн.(MiK)