Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Хиллари Клинтон Демократиялык партиянын серверине жасалган киберчабуул үчүн Орусияны айыптады


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

Ал ошондой эле Республикачылар партиясынан АКШнын президенттигине талапкер болгон атаандашы Дональд Трампты Орусиянын президенти Владимир Путинди колдойт деп сынга алды. “Биз Орусиянын атайын кызматтары Демократиялык партиянын серверлерин сындырып, ал жердеги каттарды ачыкка чыгарып жибергенин билебиз. Дональд Трамптын өтө кооптонууну жараткан Владимир Путинди колдоого даярдыгын да билебиз” деген Хиллари Клинтон Fox News Sunday каналына берген 31-июлдагы интервьюсунда. Кошмо Штаттар Демократиялык партиянын серверинин сындырылышы боюнча Орусияны ачык айыптай элек. Бирок эксперттер киберчабуулдун артында Орусиянын атайын кызматтары жана хакерлери турат деп эсептешүүдө. Ал чабуулдун максаты АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү экени айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG