Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш жана Улуу Үркүн: 1-макала


Канаат хан Ыбыке уулу тууралуу дарек. №4 документ, КРМА, Фонд №44, иш кагаз №20075, 276-б., 1917-ж. Алматы, 01.4.2016.
Канаат хан Ыбыке уулу тууралуу дарек. №4 документ, КРМА, Фонд №44, иш кагаз №20075, 276-б., 1917-ж. Алматы, 01.4.2016.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу кезектеги макалалар түрмөгү – ЖАМУнун улук окутуучусу Н. Мырзабаева тарабынан сунушталат. Алгачкы макаласында ал 1916-жылкы августтагы Түндүк Кыргызстандагы көтөрүлүшчүлөрдү жазалоолор жана Улуу Үркүндүн башталышы тууралуу сөз кылат.

Улуттук боштондук көтөрүлүш – оторчул эзүүгө жооп

1914-жылы башталган Биринчи дүйнөлүк согушка Орусия катыша баштаганда, оболу кыргыздар да ири империядагы жалпы калкка түшкөн кыйынчылыктан четте калбастан, согушка акча, кийим-кече, атчан аскерлер үчүн кыргыз жылкыларын жөнөтүп турган.

1916-жылдын 25-июнундагы падышанын Түркстандын элдеринен аскердик курактагы (19дан 43кө) эркектерди ооруктагы согуштук коргонуу жумуштарына алуу жөнүндөгү жарлыгы ансыз да падышачылыктын эзүүсүнө, кемсинтүүлөрүнө, жеринен ажырагандыгына араң чыдаган элди биротоло эгемендик күрөшкө козголткон.

Чөлкөмдүн башка калктарындай эле, кыргыз эли да улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыккан. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгышынын себеби падыша өкмөтүнүн кыргыз элине болгон ырайымсыз оторчул саясаты болгон.

Боштондук көтөрүлүштү ырайымсыз жазалоо

Көтөрүлүш башталганда эле көтөрүлүшчүлөрдүн тың кишилерин, лидерлерин оторчул бийлик жана анын жазалоочу аскерлери куугунтуктап, кыргыздардын ичинен кат тааныган адамдарды, падышага каршы чыккан элге жетекчилик кылган атактуу инсандарды четинен атып, дарга асып, абакка камап, элдин көзүнө көрсөтүп өлтүргөн жазалоочу жүрүмдү башташкан.

Улам жаңы кошумча жазалоочу аскерлер түндүктөн келип, кандуу жазалоолор 1916-жылы августта Чүй өрөөнүнөн башталып, Кемин, Кочкор, Ысык-Көл, Нарында улантылган.

Николай IIге каршы чыккандарды Токмок орустары Шор-Дөбөдө өлтүргөн, алардын ичинде Масымкожо, Тоголок Кожоев, Турумбек жана Канаттын баласы да бар эле.

Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышындагы Ак-Суудагы көтөрүлүшчүлөрдү оторчулар ырайымсыздык менен жазалаган. Бир түндө эле 30 адам абакта аба жетпей өлгөн. 12-августта аларды эшикке алып чыгып, эң алдыңкы баатыр Эгемберди Сарыковдун колун, бутун кесип салышкан, ал баатырларча курман болгон. Камалгандардын 167синин ичинен 13ү качып кутулган. Ал эми 154 көтөрүлүшчүнү оторчулар кыйнап өлтүргөн.

1916-жылы 20-августта кыргын улантылган. Каракол уездинин Сыртта Чаар Кудук деген жерде Писковдун аскери туз алганы келген 33 кишинин отуз бирин өлтүрүп, экөөнү Караколго алып келген. Анын бири - атактуу манасчы Саякбай Каралаев болгон. Каракол уездинин Туюк Ат жайлоосунун жанында жашынып жаткан 15 үйлүү кишини орус жазалоочулары Барскоонго айдап келип, баарынын тарамышын кыркып, денесине мык кагып, кыйнап өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген.

Орус оторчул бийлиги көтөрүлүшкө чыккандарды кырып жоюу саясатын ишке ашырып, элди тоо тарапка же Батыш Кытайга аргасыз журт которууга мажбур кылышкан.

1916-жылы Түркстандын генерал–губернатору Куропаткиндин буйругу боюнча «Орус каны төгүлгөн жердин баары» кыргыздардан тартылып алынган, ал эми оторчулардын айрымдары “козголоңчул” кыргыздарды Чүй өрөөнүнөн Балкаш көлүнө жана Ысык-Көлдөн Ички Теңир-Тоонун бийик тоолуу өрөөнүнө сүрүп чыгаруу долбоорлорун түзө башташкан. Падышалык режим 1917-жылы февралда кулап калып гана бул сыяктуу ырайымсыз долбоорлор аягына чыкпай калган.

Мындай жексур падышалык режим кулаар замат саясат дароо эле токтотулган эмес. Ошондуктан Үркүндөн кайтып келген кыргыздар Убактылуу өкмөттүн тушунда да жазалоонун түрлөрүнө кабылган. 1917-жылы күзүндө Токмок орустары Бөлөкбай кыргызынан Салмоорбек Асыл уулу баштаган 20 кишини өлтүрүп, мүлкүн талап кеткен. 1917-жылында сентябрь айынын башында Бөлөкбай кыргызынан Андаш Чолов Токмок мал базарында мужуктар тарабынан күндүзү эле тепкилеп өлтүрүлгөн. 1918-жылы Кытайга качкандан Кондубаевди, Ысмайыл Сулаймановду жолдошу менен үч кишини улук чакырып жатат деп кармашып, жолдо кетип жатканда Кондубаев менен Сулайманов өлтүрүлүп, жолдошу жарадар болуп качып кутулган.

Айрым маалыматка караганда, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн маалында 100 миңден ашуун кыргыз набыт кеткен. Түндүк Кыргызстандын кээ бир өрөөндөрүнүн калкы 41,4% га азайган.

Улуу Үркүн

Кылмыштуу жазалоолор менен коштолгон окуялар Түндүк Кыргызстандагы жана Жети-Суудагы карапайым калайыктын жүрөгүнүн үшүн алган.

Анан 1916-жылы август айынын ичинде Улуу Үркүн башталган. Батыш Кытайга 1916-жылы Жети-Суу аймагынан эле 332 миң кыргыз, казак ж.б. этностор качып барганы айтылат. Башка маалыматтарга караганда, 164 миң качкын Батыш Кытайга келген; анын ичинен 130 миңден ашыгы кыргыздар болушкан.

Бул кыргын окуялары ар өрөөндө ар башка мөөнөттө жана ар кыл саясий жагдайда массалык качууларды жараткан. Оболу качкындар уюшкандык менен чегинип, өз коргонуу күчтөрү кууп келген оторчул аскерлерге каршы айбат кылып салгылашкан жана бала-бакыранын коопсуз жайга качып кетиши үчүн мүмкүнчүлүк жаратышкан. Кээ бир жерде өздөрүнүн куралчан тобу жок же начар куралданган, найзасы, түтөтмө мылтыгы гана болгон карапайым кишилерди куугунтукка алуу мыкты куралданган, замбирекчен оторчулар үчүн кыйла оңой болгон. Ошондой шартта качкындар мурда аңчылар гана бирин-серин ашкан кооптуу дабандарга аргасыздан жапырт агылышкан.

Эл качып бара жатканда арттан ар кыл себептерден улам негизги көчкө жете албагандарды падышанын аскерлери бирин-серин өлтүрө баштаган. Маселен, качкындар тобу өтө бийик жана кооптуу Музарт ашуусунун суусунун боюна барганда, алардын артынан 500-600 казак-орус жетип келип, кыра баштаганы фолклордук чыгармаларда баяндалат.

Качкындар жана алардын эски журттары таламакейге алынган. Өтө бийик тоолор, капчыгайлар аркылуу качкан калайыктын 10 пайыз жылкысы, 25 пайыз койлору калган, көпчүлүгү жазалоочу аскердин колунда калган, Пишпек уездинин кыргыздарынан 826 жууркан, 50 жаздык, 251 улуттук кап, 263 улуттук чепкен, 183 аркан, 96 килем, 8 кийим тигүүчү машина, 141 тон, 29 кийиз чепкен,13 пуд буудай жана 27 миң рубль тартып алынган. [КР УИАсынын Кол жазмалар фонду, инв. № 59, 161-162-барактар.]

Элдин абалы өтө оорлошкон, орус падышалыгынын оторчул бийлиги болсо улам башка жазалоо аргаларын ойлоп таап турган.

Башка этностордун топтору да качкан.

Кытайга качкандар – жалаң кыргыздар болчу деп айтуу туура эмес. Кулжа, Текеске (Иленин башатына) качкандардын арасында кыргыздардан башка казактар, уйгурлар жана дунгандар да болгон. Кытайдын Кашкар тарабына бет алышкан качкындардын басымдуу бөлүгү жалаң гана кыргыздан турган.

Нуржамал Мырзабаева, тарыхчы, ЖАМУнун улук окутуучусу. 29.7.2016.
Нуржамал Мырзабаева, тарыхчы, ЖАМУнун улук окутуучусу. 29.7.2016.

Азыркы Орусиянын архивдик маалыматтары басма сөздө (интернетте да) ээн-эркин жарыялана баштады. Чет өлкөлөрдүн (Германиянын, Түркиянын, Өзбекстандын, Казакстандын ж.б.) архивдериндеги маалыматтар да четинен иликтенип, таразаланып жатат. Кытайдагы кыргыздардын фолклордук мурасы да ушул жаатта иликтенүүдө.

Бул жаңы жагдай кыргызстандык жана чет элдик илимпоздор үчүн 1916-жылкы окуяларды терең, ар тараптуу жана мурда болуп көрбөгөндөй калыс үйрөнүүгө жагымдуу шарт жаратууда.

Нуржамал Мырзабаева,

Жалал-Абат мамлекеттик университетинин улук окутуучусу.

XS
SM
MD
LG