Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Ташкенде күйүүчү май тартыш


Ташкенде айдоочулар бензин кезегинде.
Ташкенде айдоочулар бензин кезегинде.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкенде айдоочулар күйүүчү майга таңкы саат төрттөн тарта кезекке туруп жатышканын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, май куйуучу жайларга ташылып келчү бензин азайып кетти.

Соңку жылдары Өзбекстанда бензин тартыштыгы кадыресе көрүнүшкө айланып баратат.

«Узбекнефтемахсулот» компаниясы майга болгон суроо-талап көбөйгөнүн билдирүүдө. Учурда АИ-80 маркасындагы бензиндин мамлекет бекитип берген баасы 2070 сум болсо, Өзбекстандын облустарында 3 миң сумдан сатылып жатат. Өзбекстанда эл жапырт пахта теримге тартылган кезден тарта бензин тартыштыгы сезиле баштарын жергиликтүү байкоочулар белгилешет.

XS
SM
MD
LG