Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Кабулдагы жардыруунун жоопкерчилигин талиптер алды


Кабул.
Кабул.

Ооганстандын борборунда 1-августка оогон түнү катуу жардыруу болду. Бийликтин маалыматына караганда, Баграм аба базасынын жанындагы чет элдик адистер жашаган комплекске төрт адам кол салып, жүк ташуучу автоунааны жардырышкан. Анын добушу Кабулдун бардык райондоруна угулганы айтылууда. Каза тапкандар жана жаракат алгандар тууралуу расмий маалыматтар жок. Кол салууга жоопкерчилик алган “Талибан” кыймылы болсо жардыруудан ондогон адамдын өмүрү кыйылганын маалымдады. Буга чейин социалдык тармактарда Кабулда электр жарыгы өчүп калганы тууралуу кабар тараган. Бул шаарда өткөн аптада эле шиит-азарлардын каршылык акциясындагы жардыруу 80 адамдын өмүрүн алган. Июнда полиция академиясынын колоннасына жанкечтинин чабуулунан 40 адам набыт болгон эле.

XS
SM
MD
LG