Линктер

Ереванда полиция имаратын барымтага алган "Сасна црер" тобунун өкүлдөрү куралдарын таштап, бийликке багынып берди. “Азаттыктын” армян кызматы 20 адам кармалганын кабарлады.

Жекшембиде алар багынууга даяр экенин билдиришкен. Куралдуу топтун лидерлеринин бири Варужан Аветисян полиция менен болгон атышуудан кийин топ оор жоготууга учураганын айткан.

Ал санаалаштарын "аскер туткундары" деп атап, Армения элин “күрөштү улантууга” чакырды. Ал эми атайын кызмат "Сасна црер" тобунун мүчөлөрүн "террорчулар" деп атады.

Куралдуу топ багынып бергенден кийин жүздөгөн шаар тургундары Ереван көчөлөрүндө аларды колдогон жүрүшкө чыкты.

Эки апта мурун оппозициялык саясатчы Жирайр Сефиляндын куралдуу тарапкерлери Ереван полициясынын имаратына кол салып, ал жерди ээлеп алган. Окуяда бир офицер өлүп, төртөө жаракат алган. "Сасна црер" тобунун мүчөлөрү жети адамды барымтага алып, дээрлик бир жума кармашкан. Алар мыйзамсыз маңзат сатып алган, курал сактап жүргөн деп камалган Сефилянды бошотууну жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышкан эле.

XS
SM
MD
LG