Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

УКМК кызматкери адам өлтүргөнү тууралуу кабар расмий бышыктала элек


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү адам өлүмүнө шектелип жатканы тууралуу ишти Тоң райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат. Шектүү тууралуу атайын кызматка билдирүү жөнөтүлдү. Азырынча расмий бышыктала элек.

Маалыматка караганда, өткөн жума күнү Ысык-Көлдүн Тоң районунда эки киши мас абалында жаңжалдашып, бири экинчисин бычактап койгон. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасында каза тапканын “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубахунов билдирди. Шектүү 31 жашта. Ысык-Көлгө Бишкек шаарынан барган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул боюнча комментарий берилбей турганын айтты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG