Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Ош шаарында "Мекендештер" форуму башталды


Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форумунун үчүнчү айлампасы бүгүн Ош шаарында башталды. Эки күндүк иш-чара "Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү" деген ураан алдында өтөт.

Жыйынды уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунан кабарлашкандай, быйыл форумга дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жашап, ийгиликкке жетишкен 600дөн ашуун кыргызстандык катышууда.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду салтка айланткан “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекеттерде жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Былтыр “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан менен Бишкекте өткөн. Ага 25 өлкөдө жашап, иштеп жүргөн 300гө жакын кыргызстандык катышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG