Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Кыргыз бийлиги “мураскор” даярдабайт. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде өтүп жаткан маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Мамлекет башчы демократиялык жол менен кетүүнү каалаган бийлик эл менен эсептешиши зарыл экенин кошумчалады.

Бийликтен кетээрде өзүнө эч кандай мураскор дайындабай турганын, же кай бир талапкерге колдоо көрсөтүп, үгүт жүргүзбөстүгүн кошумчалаган Атамбаев Кыргызстанды чоң айылга салыштырып, элдин баары дээрлик бири-бирин тааный турганын, кимди тандоо керектигин жакшы билишерин белгиледи.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылдын күзүндө аяктайт. (AKu\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG