Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Президент паспорттон улут тууралуу графаны алып салуууну колдойт


Кыргыз паспорттору
Кыргыз паспорттору

Президент Алмазбек Атамбаев паспорттон жарандын улуту көрсөтүлгөн графаны алып салууну туура деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Мамлекет башчынын айтуусунда, бул графанын ордуна “кыргыз жараны” деп жазуу керек.

Жакында Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттун жаңы үлгүсүн иштеп чыгып, анын негизги долбоорун сунуштаган. Паспорттун жаңы үлгүсүндө жарандын улуту көрсөтүлбөй турганы айтылган. Бул коомчулук арасында кызуу талкууланып, айрымдар улутка чыккынчылык катары бааласа, кээ бирлер жарандык биримдикти жарата турган жараян катары кубатташууда. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG