Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Атамбаев: Конституция өзгөртүлсө да парламент тарабайт


Атамбаевдин маалымат жыйыны.
Атамбаевдин маалымат жыйыны.

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтсө да, парламент тарабайт. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Президент кийинки парламент беш жыл эмес, төрт жылга шайланышы керектигин, өнүккөн мамлекеттерде депутаттардын мөөнөтү төрт жыл экенин кошумчалады.

Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү боюнча Жогорку Кеңеште демилге көтөрүлүп жатканы 27-июлда белгилүү болгон. Айрым серепчилер референдумдан соң парламент тарашы мүмкүн экенин айтышкан. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG