Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Атамбаев оппозиционерлердин деңгээлин сындады


Бийлик каршылаштарын камакка алуу уланууда.
Бийлик каршылаштарын камакка алуу уланууда.

Президент Алмазбек Атамбаев өзүн оппозиционер деп атагандардын деңгээлин сындап, аларды олуттуу ой жүгүртө албаган кишилер катары сыпаттады. Мындай пикирин Атамбаев бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган басма сөз жыйынында камакка алынган оппозиция өкүлдөрү тууралуу сүйлөп жатып билдирди.

-Оппозиция дегени - кашаадан секирип, бийликти басып алуу эмес. Мындай оппозиция радикалдуу. Бул - терроризмге тете. Өзүн сыйлаган оппозиция ач айкырык жасабай, сүйлөшүү аянтчасына келиши керек. Өзүнүн позициясын алга жылдырууга бийлик менен макулдашуу жүргүзүшү кажет,- деди Атамбаев.

Ушул жылдын 12-майында Кыргызстандагы “Элдик парламент” аталган оппозициялык уюмдун жетекчилери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев жана Марат Султанов камакка алынган жана аларга ушундай эле айып тагылып, кылмыш иш козголгон. 31-июлда кыймылдын дагы бир мүчөсү 69 жаштагы Тойгонбек Калматов кармалды. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG