Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

Ош шаардык казыяты өлкөнүн түштүк аймагындагы казыяттарда иштеген кызматкерлер арасында сууда сүзүү мелдешин өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна муфтияттан билдиришти. 31-июль күнү калаадагы бассейндердин биринде уюштурулган таймашка Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун жана Ош шаарынын казыятында иштегендер катышты. Жыйынтыгында ар бир казыяттын мыкты суучулдары тандалды.

Аталган аймактардагы казыят өкүлдөрү жыл башынан бери дин кызматкерлерине спорттук мелдештерди уюштуруп келишет. Кышында Ош облустук казыяты футбол, волейбол жана лыжа тебүү мелдешин өткөргөн. Андан кийин Жалал-Абадда футбол жана волейбол боюнча күч сынашкан. Эмки таймашты Баткен облустук казыяты уюштурат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG