Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Биринчи жолу Токио губернаторлугуна аял шайланды


Токионун жаңы шайланган губернатору Юрико Коикэ.
Токионун жаңы шайланган губернатору Юрико Коикэ.

Жапониянын баш калаасынын тарыхында Токио шаарынын тургундары биринчи жолу губернаторлукка аялды шайлашты. Аялдар арасынан чыккан губернаторлукка талапкер 64 жаштагы Юрико Коикэ өзүнүн эки атаандашын шайлоодо жеңип чыкты.

Юрико Коике 2007-жылы Жапониянын Коргоо министри болуп турган. Араб жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Жекшемби күнү өткөн маалымат жыйында жаңы губернатор Токионун өнүгүшү үчүн иштерин айтты. Ал ошондой эле буга чейинки губернаторлордон айырмаланып, шаардыктар менен тыгыз байланышта болорун кошумчалады.

13 миллион калкы бар Токионун эң башкы көйгөйү - калктын картаюусу жана шаардын сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймакта жайгашуусу. Бул шайлоо компаниясында 2020-жылы өтө турган жайкы Олимп оюндарына болгон даярдык башкы тема катары көтөрүлдү. Жапондор Олимп оюндары экономиканын өнүгүшүнө түрткү берип, узакка созулган акчанын кунунун качышын токтотууга өбөлгө түзөт деген ишеничте.

XS
SM
MD
LG