Линктер

Түркия: Эрдоганды кармоого шектелген аскерлер камалды


Ишке ашпай калган төңкөрүштү уюштурган деп шектелген генералдардын бири.

Ишке ашпай калган төңкөрүштү уюштурган деп шектелген генералдардын бири.

Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүшкө катыштыгы бар делген атайын бөлүктүн жоокерлери кармалды. Жашырынып жүргөн бул топтун мүчөлөрү төңкөрүш маалында президент Режеп Тайып Эрдоганды кармашмак деп шектелишүүдө. Аскерлер Мармарис шаарынын жака белиндеги токойдон колго түшүшкөн. "Анадолу" агенттиги дүйшөмбүгө караган түнү 11 аскер камалганын жазды. Алардын арасында ишке ашпай калган төңкөрүштүн уюштуруучуларынын бири деп эсептелген Сукру Сейман да бар.

16-июлга караган түнү Эрдоган Мармарис курортунда эс алып жаткан жеринен Стамбулдун аэропортуна кайтып келген. Ал төңкөрүш аракетин жасагандар өзү эс алып жаткан мейманкананы бомбалоо аркылуу өлтүрүүнү көздөгөнүн айткан.

Ишембиде Эрдоган өлкөнүн коопсуздук күчтөрү мындан ары президенттин катуу көзөмөлүндө болорун айткан. Өкмөт бардык аскерий академияларды жаап, деңиз, аба жана кургактагы аскерлерди Коргоо министрлигинин карамагынан чыгарарын билдирди.

15-июлдагы окуядан кийин 142 маалымат каражаттары жабылып, ондогон журналисттер камалды. Өлкөдө үч айга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтып, төңкөрүштү бийлик атайылап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирип келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG